03:02
USD 87.45
EUR 101.62
RUB 1.08

Кышка даярдык. Жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү мекемелери текшерилди

Комиссия «Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү» ААКнын филиалдарын -жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү мекемелерин күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыктарын текшерүүдө. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, комиссиянын текшерүү иши 6-октябрда аяктайт. Жыйынтыгы боюнча мекемелердин күзгү-кышкы мезгилге карата даярдыктары тууралуу акты түзүлүп, кемчиликтер болгон болсо аларды жоюу боюнча иш-чаралар иштелип чыгат.
Учурда 101,8 чакырымды түзгөн 110 кВ аба линияларында капиталдык ремонт аяктады.
Эң көп окулган жаңылыктар