Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткан 12 кишинин ичинен бешөөнүн диагнозу сибирь жарасы деп чыкты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, калган бейтаптардан анализ алууга мүмкүндүк болгон эмес. Анткени, алардын денесиндеги жаралар өтө кичинекей болгон.
Учурда 3 бейтап ооруканадан чыгарылды. Калган 9у дарыланууда.


