Өкмөт электр жарыгы менен жылытууга тыюу салууну алып салып, электр жарыгын колдонууга бөлүнгөн өлчөмдү көбөйттү. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди.
Анын айтымында, бул жылы өлкөнү электр жарыгы менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү кенен.
«Азыр «Датка — Кемин» көмөк чордону ишке киргенден кийин, «Бишкек жылуулук станциясы» оңдолуп, Токтогул суу сактагычында дагы суу көп болгондуктан чектөөнү алып сала алабыз», — деди Айбек Калиев.
Электр жарыгына колдонууга бөлүнгөн ченем 10 пайызга көбөйтүлдү.
Токтогул суу сактагычына топтолгон 19,5 миллиард куб метр суу кышында электр жарыгын үзгүлтүксүз берип чыгууга жетет.


