Жарандык активист жана «Эркин Эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков кантип бийликти төңкөрүүгө айыпталып жатканын түшүнбөйт. Бул тууралуу ал «24-kg.com» агентигине билдирди.
УКМКнын билдирүүсүндө, Мавлян Аскарбеков бийликти күч менен алмаштырууга чакырган. Кылмыш ишин козгоого жарандык активисттин Сокулук районунун Дача-СУ айылындагы эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Активисттин айтымында, ал анда: «социалдык маселелерди чечпеген бийликтин кереги барбы?» - деген суроо койгон.
«Төрт жолу лингвистикалык экспертиза жүргүзүлдү. Эң кызыгы ал төртөө тең бүтүмүн орусча жазып беришкен. Мен Дача-СУнун тургундары менен кыргыз тилинде сүйлөшкөнмүн. Азыр күбөлөр суралып жатат. Алар мен эч кимди, эч нерсеге үнөмдөбөгөнүмдү айтышууда», — деди Мавлян Аскарбеков.
Эмки соттук жыйын 16-октябрда өтөт.


