Чет элдик паспорт октябрга чейин бир эмес, эки айда даярдалат. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Мекеменин айтымында, жаңы биометриялык паспорт алууну каалагандардын саны абдан көп болууда. Кызматкерлердин көпчүлүгү ички паспорт- ID-картты берүүгө тартылды.
«Андыктан, чет элдик паспортуу даярдоого кол жетишпей, бир ай эмес эки ай кетүүдө. Октябрда кадимки иш күн тартибине өтүп, талап кылынган мөөнөттө даярдап бере баштайбыз», — деди мамлекеттик каттоо кызматы.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы айрым паспорт бөлүмдөрүндө тыгын жаралып, элдер документтерин убагында ала албай жаткандыгы маалымдалган.


