06:00
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

Ош шаарында жоголгон кыз табылды

Ош шаарында жоголгон Камила Нургазиева табылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Камила шаардын башка районундагы туугандарыныкында болгон.

«Оштогу базардан туугандарын көрүп калып ошолордукуна кетип калыптыр. Камила изделип жатканын

алар билишпептир» - деди ал.

Эскерте кетсек, 2007-жылы төрөлгөн Камила Нургазиева 1-июль күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Милиция аны эки күн издеген.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-ноябрь, шаршемби