16:29
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

ЖКда «Ата Журт» жана «Мекенчил» депутаттык топторунун лидерлери алмашты

«Ата Журт» жана «Мекенчил» парламенттик топторунун лидерлери алмашты. Дастанбек Жумабеков «Ата Журт» парламенттик тобунун жетекчиси болуп калды. Бул тууралуу депутат Алишер Козуев жыйында билдирди.

Козуевдин айтымында, «Ата Журт» партиясынын лидери Нурлан Азыгалиев кечээ, өз ыктыяры менен кызматтан кетти. «Биздин депутаттык топ жыйында Дастан Жумабековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары депутат Кундузбек Сулайманов «Мекенчил» тобунун лидерлигинен өз ыктыяры менен кеткенин айтты. Ал ордуна Талант Мамытовду топтун жетекчиси кылып шайлоо чечими кабыл алынганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар