09:49
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин ордуна Жанар Акаев дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Жеңишбек Токторбаев бул кызматты 2025-жылдын 23-январынан бери аркалап келген. Бул убакыттын ичинде аймактык өкмөттөгү эң көрүнүктүү жана талаш-тартыштуу аткаминерлердин бирине айланган.

Эң көп окулган жаңылыктар