15:21
USD 87.45
EUR 103.55
RUB 1.14

ӨКМ: Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды

Бүгүн, 18-февралда Суусамырда кар көчкү алдында калган 59 жаштагы чабандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында маркумдун денеси кар алдынан чыгарылды. Издөө иштерине жалпысынан 70 адам тартылган.

Эске салсак, 12-февралда Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган жаран 50 баш кой жана бир аты менен көчкү алдында калып, ошол күндөн тарта издөө иштери тынымсыз жүрүп жаткан.
Эң көп окулган жаңылыктар