Бүгүн, 18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
- Айбек Алтынбеков;
- Талант Мамытов;
- Айгүл Карабекова.
БШК депутаттарга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер бериле тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган.


