15:31
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

БШК Элдар Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандаттан баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, эл өкүлүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси бүгүнкү жыйында каралат.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Элдар Сулайманов
Элдар Сулайманов мурдагы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Ал 1985-жылы 3-июлда туулган. «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү катары VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал эми Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына № 5 Аксы көп мандаттуу шайлоо округунан (Жалал-Абад облусу) шайланган.

Элдар Сулаймановдун аты ушул жылдын январь айында мурдагы аялынын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айыптоолоруна байланыштуу маалымат каражаттарында жана соцтармакта талкууланган. Асел Азаматова социалдык тармакта мурунку күйөөсүнүн колунан кайталанган зомбулук болгонун айткан. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергөө жүрүп жатканын билдирген. Элдар Сулайманов өзү айыптоолор бир тараптуу жана юридикалык жактан кайра карап чыгууну талап кылаарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар