Ош аймактык башкармалыгы жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Жер жана суу көзөмөл кызматынын Ош облустук башкармалыгы тарабынан берилген доо арыздын негизинде 2780 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк борбордогу жер тилкеси мурда Ош облустук административдик сотунун чечиминин негизинде жеке адамдарга өткөрүлүп берилген.
Кызмат аны мамлекетке кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.
КР Жогорку Сотунун чечими менен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.


