10:48
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Бүгүн Бишкекте S4W эл аралык турнири башталат

Бүгүн, 13-февралда Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында эркин күрөш боюнча Super 4 Wrestling (S4W) эл аралык турнири өтөт. Бул — жаңы муундагы мелдеш, анда дүйнөнүн эң күчтүү балбандары бир килемде беттешет.

Super 4 Wrestling — принципиалдуу жаңы формат: ар бир салмак категориясында дүйнөлүк деңгээлдеги төрт атлет, Олимпиада оюндарынын, дүйнө жана континенттер чемпионаттарынын байге ээлери катышат. Бул жерде «жеңил» беттештер жок — ар бир кармаш чечүүчү, килемдеги ар бир мүнөт маанилүү.

Турнирге Кыргызстан, АКШ, Япония, Россия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандан келген балбандар катышат. Көрүүчүлөрдү 57 килограммдан 97 килограммга чейинки беш олимпиадалык салмак категориясында жарым финалдар, үчүнчү орун үчүн кармаштар жана финалдар камтылган, бир кечеде өтө турган кызыктуу беттештер күтөт.

Super 4 Wrestling классикалык эркин күрөштү заманбап мелдеш форматы, жогорку темптеги кармаштар жана эл аралык спорттук иш-чаранын деңгээли менен айкалыштырат.

Эң көп окулган жаңылыктар