22:49
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Кыргызстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы дайындалды

Сыргак Бердикожоев жаңы түзүлгөн Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ачык булактарда Сыргак Бердикожоев жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат жок. Болгону ал коопсуздук кызматкери экени айтылат.

Мамлекеттик күзөт кызматы УКМКнын 9-кызматынын базасында түзүлгөн жана түздөн-түз президентке баш ийет. Жарлыкка ылайык, кызматтын төрагасы мамлекет башчысы тарабынан дайындалат жана бошотулат. Ал эми анын орун басарлары Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагысынын сунушу боюнча дайындалат.

Мамлекеттик күзөт кызматы белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде корголуучу адамдардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар