12:03
USD 87.45
EUR 104.14
RUB 1.13

Бишкек тарых музейинде Инклюзия борборун түзүү пландаштырылууда

Бишкек тарых музейинде Инклюзия борборун түзүү талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова жана «Евразия Кей Жи» коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова баштаган фонд өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согушка арналган туруктуу экспозицияны модернизациялоо, музейди заманбап мультимедиялык жана инновациялык көргөзмө технологиялары менен жабдуу, ошондой эле Улуттук тарых музейинин базасында Инклюзия борборун түзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, музейдин илимий кызматкерлеринин Россиянын алдыңкы музейлеринде такшалмадан өтүүсүн жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар маданият жана коомдук өнүгүү жаатында тыгыз кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Эң көп окулган жаңылыктар