Эртең, 11-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1... +6, күндүз +5... +10;
Талас жергесинде түнкүсүн 0... +2, күндүз +6... +8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2... +4, күндүз +10... +12;
Нарын аймагында түнкүсүн −11... −13, күндүз −1.. −3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1... −2, күндүз +6... +8;
Бишкек шаарында түнкүсүн +4... +6, күндүз +8... +10 градус.


