2026-жылы Бишкекте отуз алты мектеп курулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мэр Айбек Жунушалиев Агартуу министрлигинин 2025-жылды жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.
Анын айтымында, билим берүү тармагында олуттуу кыйынчылыктар бар.
2019/20-окуу жылынын аягында шаардын билим берүү мекемелеринде болжол менен 160 миң окуучу окуса, бүгүнкү күндө бул сан 260 миңден ашты.
Бул демографиялык өсүшкө жана ички миграциянын жогорку деңгээлине байланыштуу болуп жатат. Бул кыйынчылыктарга жооп катары ири масштабдуу инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө.
«Акыркы беш жылда тогуз мектеп курулуп, кошумча 15 мектеп имараты пайдаланууга берилди. Быйыл борбор калаада 36 билим берүү мекемесин куруу пландаштырылууда. Алардын үчөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат», — деди мэр.
Мурда Бишкектеги мектептер дээрлик 2,5 эсе ашыкча экени кабарланган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, шаардын четинде бош орундар бар, бирок баары шаардын борборунда окугусу келет.


