14:51
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Таластагы стратегиялык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Таластагы «В» категориясындагы стратегиялык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2003-жылы «Тобой» коомдук бирикмесинин жетекчиси С.T.Д. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас филиалынын жана «Талас суу чарбасы башкы башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерди мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган.

Алар кызматтык жасалмалоо жолу менен «В» категориясындагы стратегиялык объектилерди (суу алуучу жайларды) аталган коомдук бирикменин балансына мыйзамсыз өткөрүп берген.

Сөз болуп жаткан жер тилкелери 1,7 гектар, 0,68 гектар жана инфраструктурасы бар 1 гектарды түзөт. Мүлктөрдүн баасы 36 миллион 415, 4 сомго бааланган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган тиричиликке керектелүүчү обьектилер мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
9-февраль, дүйшөмбү