Бүгүн, 9-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия № 13 көп мандаттуу шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайта шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын маалыматтары «Тизме» мамлекеттик порталында жеткиликтүү.
Кагаз түрүндөгү шайлоочулардын тизмелери 9-февралда 94 шайлоо участогунда илинет.
Алдын ала тизмеге 161 344 шайлоочу киргизилген, анын ичинде:
- 80 418 эркек (49,84%);
- 80 926 аял (50,16%).
Шайлоочулар 18-февралга чейин тизмелерге өздөрүнүн аттарын тактай алышат:
- 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу менен;
- шайлоо участогунда;
- tizme.gov.kg веб-сайтында;
- 119 номерине PIN-кодун (паспортундагы жеке идентификациялык номери) SMS аркылуу жөнөтүп, шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала алышат (SMS жана чалуулар акысыз).
Эске салсак, № 13 шайлоо округу боюнча шайлоонун экинчи туру 1-мартта өтөт. Жалпысынан 25 талапкер катталды.


