15:53
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

Кыргызстан — Бахрейн аба каттамдарын ачуу маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Бахрейн жакынкы аралыкта түз аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулап жатышат. Тараптар бул боюнча Сауд Арабиясындагы жана Бахрейндеги Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов менен каржы жана улуттук экономика министри Шейх Салман бин Халифа Аль Халифанын жолугушуусунда айтылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу кеңири маселелерди талкуулашты.

Элчи Марипов кыргыз-бахрейн биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тез арада түзүлүшүнүн жана ишке киришинин, ошондой эле анын 2026-жылы Кыргызстанда I жыйынын өткөрүүнүн, эки тараптуу сапарларды ишке ашыруунун, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн жана жакынкы аралыкта Бишкек менен Манаманын ортосунда түз аба каттамдарын ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде шейх Салман Аль-Халифа талкууланган бардык маселелер боюнча зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин күн тартибиндеги маселелерди андан ары илгерилетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары бекемдөө үчүн зарыл болгон иштерди улантуу жөнүндө макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар