Бүгүн, 6-февралда «Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун» коомдук бирикмеси маданият министрлигинин колдоосу менен Бишкекте дизайнерлердин эмгектеринен V республикалык жогорку окуу жайлар аралык көргөзмөсү башталат. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинен билдиришти.
Бул көргөзмө мейкиндигинде белгилүү профессионал дизайнерлер — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика, керамика жана зергерчилик багытындагы студенттик иштер сунушталат.
Бул көргөзмө дизайн дүйнөсүнө кызыккан, бул жолдун татаал жана шыктуу башталышы менен таанышкысы келген бардык адам үчүн арналган.


