22:21
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

Чүй облусунда Бурана мунарасынын айланасы көрктөндүрүлөт

«Бурана мунарасы» археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүүгө багытталган долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Анын алкагында аймакты жашылдандыруу, майда архитектуралык формаларды орнотуу, автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана туристтер үчүн ыңгайлаштырылган коомдук мейкиндик түзүү каралган.

Эскиздик долбоор музей комплексине келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүнү максат кылат. Долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, эс алуу аянтчалары, жашыл зоналар жана туристтик инфраструктураны жакшыртуучу элементтер камтылган.
Эң көп окулган жаңылыктар