12:44
USD 87.45
EUR 103.45
RUB 1.14

Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды

Азат Салмурбек уулу Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Азат Салмурбек уулу

Ал бул кызматка 2025-жылдын 14-октябрында дайындалган. Ал эки жыл бою Токмок шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.

Президенттин дагы тескемеси менен Азат Салмурбек уулунун ордуна Исаков Алмазбек Карыпович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Исаков Алмазбек
Ал милициянын подполковниги жана мурда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Эң көп окулган жаңылыктар