Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко кытайлык Вэйли Чжан менен октагонго чыгат. Беттеш 16-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дө башталат.
UFC 322 турниринин башкы катышуучулары 57 килограмм салмак категориясында таймашат. Валентина Шевченко жеңил салмактагы титулун сегизинчи жолу коргойт.
Эске салсак, 37 жаштагы Валентине Шевченконун карьералык тарыхында 24 жеңиш жана төрт жеңилүүсү бар. Ал эми 36 жаштагы Вэйли Чжандын 26 жеңиши жана үч жеңилүүсү бар.


