16:26
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Эмгек министрлиги таштандыга ыргытылган наристе боюнча үн катты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы төрөлгөн наристени өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз тууралуу кошумча маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, шектүү ушул жылдын 11-ноябрында Сокулуктагы үйдө төрөгөнүн билдирген. Анын айтымында, наристе эч кандай жашоо белгилерин көрсөтпөгөндүктөн аны баштыкка салып, таштандыга ыргытып жиберген.

«Аял үч ай мурун Москва шаарынан келген. Ош облусунун тургуну, мурун тамактануучу жайда тейлөөчү болуп иштеген, ажырашкан. Бул анын экинчи төрөтү, улуу баласы кайын энеси менен турат.

2002-жылы туулган А.Ф. Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турмуштун оор кырдаалына кабылган же жөлөкпул алуучу катары катталган эмес.

Буга чейин, 12-ноябрда, саат 12:30 чамасында, жергиликтүү тургун Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомольское айылындагы таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыздын сөөгүн тапкан. Ымыркай таштанды челектен, кара түстөгү аялдардын футболкасына оролгон ак баштыктан табылган.

Кылмыш кодексинин 125-беренеси «Эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция шектүүнү аныктап, кармады. Аял убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар