09:22
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.08

Ramis Cup IV: Бишкекте таэквондо боюнча эл аралык турнири өтөт

ITF Ramis Cup IV эл аралык таэквондо турнири 28-ноябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын таэквондо федерациясы социалдык тармактарда жарыялады.

Турнирде Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларынын ортосунда үч категориядагы профессионалдык беттештер өткөрүлүп, акчалай байгелер берилет.

Мелдеш борбор калаадагы «Газпром-балдар» спорт жана эс алуу борборунда өтөт. Кирүү акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар