11:38
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Ош шаарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралар көрүлөт

Ош шаарында мэр Жеңишбек Токторбаевдин төрагалыгы астында шаардык кызматтардын жана уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Кыш мезгилинде энергияны үнөмдөө маселеси талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ош мериясы
Фото Ош мериясы . Шаарда энергияны үнөмдөө чаралары киргизилүүдө

Маалыматка ылайык, шаар 2025-жылдын алгачкы 10 айында лимиттен ашыкча 112 миллион киловатт-саат электр энергиясын сарптаган. Үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону камсыз кылуу жана электр тармактарынын ашыкча жүктөлүшүнө жол бербөө үчүн бир катар чечимдер кабыл алынды.

1. Мектептерде электр энергиясы кечки саат 19:00гө чейин өчүрүлбөсүн, өзгөчө эки нөөмөт менен иштеген билим берүү мекемелеринде.

2. Бардык мекеме жана ишканаларда электр энергиясы кечки саат 18:00дөн кийин толугу менен өчүрүлсүн — лампочкадан тартып кондиционерге чейин.

3. Укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясы өчүрүлбөйт, бирок үнөмдөө режими сакталсын, ашыкча керектөөлөрдү текшерүү жана көзөмөлдөө камсыздалсын.

4. Аймагы чоң мекеме жана ишканаларда коопсуздукту камсыздоо максатында бир кароолдун ордуна эки кароол коюу, ошондой эле альтернативдүү кайтаруу ыкмаларын караштыруу сунушталды.

Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын аймагындагы кафе-ресторан, тойкана, түнкү клубдарга рейд жүргүзүлөт. Андыктан бизнес ээлерин «Тынчтык жөнүндө» мыйзамын сактоого жана электр жарыгын үнөмдөөгө чакырабыз.

Жыйында эттин жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча зарыл чараларды күчөтүү тапшырмасы да коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар