16:23
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

ЖККУнун саммити 27-ноябрда Бишкекте өтөт

27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өтөт.

ЖККУнун алдыдагы жыйынында аймактык туруктуулукту сактоо жана террористтик коркунучтарды жана экстремизмди нейтралдаштыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланат.

ЖККУнун катчылыгы эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулоону жана ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын жалпылоону пландаштырууда.

Уюмдун башкаруу органдарындагы жетекчиликти ротациялоонун белгиленген тартибине ылайык, Кыргызстан ЖККУнун башкы катчысы кызматына талапкерди уюмга мүчө мамлекеттердин президенттерине бекитүү үчүн сунуштайт.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Анда дүйнөлүк кырдаалды жана уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүн баалоо, ошондой эле аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо ыкмалары камтылат.

Мурда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекте өтө турган ЖККУ саммитине катышаары кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар