09:30
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.08

Камчыбек Ташиев уулу менен Өзгөн районунда эки үй-бүлөгө үй куруп беришти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундарына берген убадасын аткарды. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушкан учурда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө айылдагы эң муктаж эки үй-бүлөгө өз каражатынан турак жай салып берүүнү убада кылган. Айыл эли бул демилгени колдоого алып, чындап эле жашоо шарты оор, жардамга муктаж эки үй-бүлөнү биргелешип тандап берген.

Эки айга жетпеген убакыттын ичинде эки үй тең толук бүткөрүлүп, бүгүн жаңы ээлерине тапшырылды. Алардын бири Кызы-Сеңир айылынын тургуну, жалгыз бой эне, эки уулдун апасы Марапат Тагаевага жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылды. Турак жайды Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев өз каражатына куруп берген.

Марапат Тагаева көп жылдан бери эскилиги жеткен, шарты жок, эки бөлмөлүү үйдө жашап келген. Анын эки уулу тең нерв оорулары менен жабыркап, апасынын тынымсыз көзөмөлүнө муктаж. Эми бул үй-бүлө толук ыңгайлуу шарттары бар жаңы үйгө ээ болуп, турмушунда чоң өзгөрүү болду.

Экинчи үйдүн ээси — Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу тургун, жалгыз бой эне Элнура Чекирова. Ал беш баланын апасы, алардын эң улуусу 17 жашта болсо, эң кичүүсү болгону 9 айлык. Үй салууга мүмкүнчүлүгү жок болгон бул үй-бүлө да бүгүн жаңы, кенен жана заманбап үйгө ээ болду

Ташиев жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып кайрымдуулук иштерди улантуу ар бир адамдын милдети экенин белгилеп, мындай жардам элдин ынтымагын жана бири-бирине боорукерлигин чыңдай турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар