КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, 2025-жылдын январынан октябрына чейин 50 495 жаранга пенсия дайындалган.
Октябрь айында 3705 жаранга пенсия бөлүндү. Мындан тышкары, 1307 пенсионердин пенсиялары кошумча берилген документтердин негизинде, алардын эмгек стажы, эмгек акысы, билими жана майыптыгы эске алынып, кайра эсептелген.


