Он миңдеген кыргызстандыктар жакшы жашоо жана туруктуу каржылык издеп, чет өлкөгө көчүп кетишүүдө. Бирок, оор эмгекке карабастан, баары эле кыялдарын ишке ашырууга жетише бербейт.
Эмгек миграциясы акча табуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле каржылык тартиптин олуттуу сыноосу болуп саналат.
Каржы сабаттуулук боюнча эксперт Буажар Абдыкадырова эмне үчүн туура бюджет түзбөстөн айынан миграция аягы көрүнбөгөн марафонго айланып кетиши мүмкүн экенин түшүндүрөт.
«Эмгек миграциясында каржылык тартип, өз өлкөңүзгө караганда андан да маанилүү. Себеби, миграцияда сиз өз мекениңиздей, туугандарыңыз же досторуңузда бир нече жума бекер жашай албайсыз. Ошондуктан, миграция учурунда катуу каржылык тартипти сактоо керек», — деп белгилейт ал.
Айрыкча, мигранттар кирешелерин акылдуулук менен астейдил башкаруусу керек. Бул жагынан Буажар Абдыкадырова төрт кадамдан турган эрежени колдонууну сунуштайт:
- 35 пайызы — үй-бүлөнүн кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мекениндеги туугандарына которуулар;
- 10 пайызы — күтүлбөгөн чыгымдарды жаба турган «каржылык коопсуздук баштыгын» түзүү жана толуктоо;
- 15 пайызы — жеке топтоолорду түзүү же толуктоо. Ар бир чоң киши үй-бүлөлүк топтоолорунан жана «жаман күнгө деген запастарынан» тышкары, жеке каржылык максаттары үчүн да эсепке ээ болушу керек;
- 40 пайыз — турак жай, тамак-аш жана кийим-кече чыгымдары.
Чет өлкөдө узак жылдар жана оор иштерине карабастан, мигранттар көп учурларда максаттарына жете албай калышат. Анын башкы себептери да, алардын миграцияда аз акча тапканынан эмес, кирешелерин туура эмес башкарганынан болот.
Бул инфографикада биз мигрант жумушчулардын кетирген беш маанилүү катасын чогултуп, алардан кантип качуу жана мекенине жакшы натыйжа менен кайтуу керектигин түшүндүрдүк:
Ката № 1
Буажар Абдыкадырова ойлонбостон жумушка шашылыш кетүү кооптуу экенин белгилейт. Адегенде, чет өлкөдө кандай жумуш менен алектенериңизди, канча акча табаарыңызды жана керектүү сумманы топтоо үчүн канча убакыт талап кылынарын алдын ала билүү абдан маанилүү.
Ката № 2
Мигранттын каржылык максаты болушу керек. Ал керектүү сумманы топтоо үчүн канча убакыт талап кылынарын гана эмес, ошондой эле акчаны эмнеге жумшаарын так билиши керек. Мисалы, эгер адам үй үчүн каражат топтоону же бизнес баштоону пландап жатса, ал туугандары менен үйүнө жөнөткөн акчасын ушул максатка гана сарптоого жана аны ар жакка чачпоого макулдашып алышы керек.
Ката № 3
Жеке каржы боюнча адис уруксаттар, салыктар, медициналык камсыздандыруу жана башкалар милдеттүү чыгымдар экенин жана алардан качууга мүмкүн эместигин белгилейт. Мисалы, расмий жумушка уруксаты жок болсо, мигрант уруксат алуу баасынан да, бир кыйла жогору айып пулга жыгылышы мүмкүн. Ошондой эле, мигранттар тааныштары аркылуу уруксаттарды арзан баада сатып алып, кийинчерээк алардын жасалма экени аныкталган учурлар белгилүү. Бул депортация коркунучун алып келет.
Ката № 4
Башка өлкөгө акча табуу үчүн баргандар бюджет боюнча план түзбөсө, максатка жетүү бир топ кыйын болот.
Ошондуктан, мигранттар мекенине жөнөткөн акчаны кантип коротуп жатканын көзөмөлдөп гана тим болбостон, тапкан акчасын акылдуулук менен коротушу керек. Эмнеден баштоо керек? Буажар Абдыкадырова бардык кирешелерди жана чыгымдарды жок дегенде бир ай бою жазып турууну сунуштайт. Мындай байкоо жүргүзүү бюджеттеги билинбей короп кетүүлөрдү, керексиз жана көп учурда акылга сыйбаган, ыксыз чыгымдарды аныктоого жардам берет.
Ката № 5
Интернетте мигранттардын бир нече сааттык курьердик жумуш үчүн жогорку акы убада кылган бейтааныш адамдарга ишенип, түрмөгө түшүп калганы тууралуу окуяларга жык толгон.
Ошондуктан, оңой акча табууга шашылбоо жана сунушталган жумуштун мыйзамдуулугун текшерүү маанилүү болуп эсептелет.


