КАНТИП КЫРГЫЗСТАНДЫК
«КУХНЯ» СЕРИАЛЫНА
ТАРТЫЛДЫ:
сценарист
Василий Куценконун
баяны
Таласта төрөлүп, Бишкекте чоңойгон анын тамашалары жана автордук ыкмалары орус киноиндустриясын багындырып, бир эле «Чебурашка» тасмасынан 86 миллион доллар киреше тапкан. Сценарист жана креативдүү продюсер Василий Куценко хит болуп жаткан «Ашкана» (Кухня) жана «Отель Элеон» сериалдарына «Кыргыз таланттарын» алып келди.
Кыргызстандык продюсер 24-kg.com порталына курган маегинде Бишкек КВНдеги тажрыйбасы жана официант болуп иштөө, ага реалдуу ресторан дүйнөсүн түзүүгө кандайча жардам бергенин жана кыргыз кептерине негизделген «Последний богатырь» сериалы үчүн эльф тилинде кантип ойлоп тапканын айтып берди.
КВН.
Көч башы
Василий Куценко Таласта туулган, бирок ал жерде көп жашаган эмес. Ал эки жашка чыкканда үй-бүлөсү Фрунзеге көчүп келишкен. Кийин кичи мекенине байма-бай каттап, жайкы жана күзгү каникулдарды чоң энесинин жанында өткөрчү.
«Мен үч дарыяны эстейм: токойду аралап аккан Кичи, Ортончу жана Чоң Талас. Биз ал жакка дайыма козу карын тергени барчубуз», – дейт сценарист.

Ал катаал 1990-жылдары чоңойгондугун эскерет: жашоо шарты оор болгон, бирок ата-энесинин жана алардын талыкпаган эмгегинин аркасында эжеси экөө эч нерседен кем калган эмес.

Эң кызыгы, Василий такыр башка тармакта билим алган: Кыргыз-Орус Славян университетинде «Практикалык математика жана системаларды программалоо» адистиги боюнча билим алган.

«Чынын айтсам, мен сандар жана программалоого кокустан аралашып калдым. Мектепте математиканы жакшы билчүмүн, бирок мен эч качан программист же математик болууну кыялданган эмесмин. Бул 2000-жылдардын башында эле популярдуу тармак болчу. Ар бир өспүрүмдөй эле, мен дагы кайда барарымды билбей калдым. Бирок менин программист болгусу келгенин так билген досторум бар болчу. Анан мен аларды ээрчип, натыйжада беш жыл боюу математика окудум», – деди чыгармачыл продюсер.
Комедиялык сценарийлерди жазуу эжеси Таня аркылуу келген. Ал университеттин Тамашалар жана тапкычтар клубунда (КВН) ойноп, инисин чакырган.
«Чыгыш Экспресс» КВН командасы 2002-жыл.
«Таня келип, № 9 мектепте Men in Black командасын уюштурган. Биз оюн көрсөтө баштадык. Ал кезде мектептик КВН лигасы жок болчу. Ошондуктан биз жалпы эсеп менен университеттин командалары менен күч сынашып жүрчүбүз», – деп эскерет Василий Куценко.

Аны чыгармачылык дайыма коштоп келген. Мектепте достору менен брейк-данс клубун түзүп, дискотекаларда концерт коюшчу. Бешинчи класста досу менен журнал чыгарып, кийинчерээк китеп жана оюндарды жазган.
Мен негизи бир нерселерди ойлоп чыгарганды жакшы көрчүмүн. Дайыма ага болгон кызыгуум бар болчу. Досторум менин 2-класста эле ар кандай нерселерди ойлоп тапканымды эстешет. Бирок ал кезде, 1990-жылдары сценарий факультетине баруу жана бир нерсе жазуу ойго да келбеген нерсе болчу. Бул таза фантазия эле. Антип кыялданган да эмесмин.

Василий
Куценко
Ал тамаша жазууга калыптанганды КВНде баштаган. Эл алдына чыгуу жаратмандык жараянындай ырахаттануу алып келген эмес.
Василий КВНдеги достору менен Алматыда, 2006-жыл
«Эжем экөөбүздүн ашканада отуруп, мектеп командасы үчүн музыкалык тапшырма даярдап жатканыбызды көбүрөөк эстеп калам. Анан досум Леша Рядов менен «Чыгыш экспресс» командасына келүү үчүн ашканада тамашаларды ойлоп чыкканбыз. Ал эми Элдияр Кененсаров менен персиялыктар жана спартакчылар тууралуу согуш ойлоп таптык», – деп эскерет сценарист.

КВН аркылуу ал Россиянын Элдердин достугу университетинин эки жигити Эдуард Илоян жана Сангаджи Тарбаев менен таанышкан. Алар ошол кезде Казакстанда Yellow Black and White Show (YBW) программасын даярдап жүргөн. Бул жолугушуу кийинчерээк эң белгилүү телесериалдардын бири жана анын спин-оффторунун жаралышына алып келди.
Москвада кыргыз командасы жеңишке жеткен биринчи шоуну тартуу
«Кухня» — ​бул завод:
кантип 15–16 автор
сериал жазган
23 жаштагы жигит Алматыга көчүп келет. Эки жылдан кийин Москвага которулуп, YBW командасы менен «Улуттар Лигасы» шоуларынын стендап форматында иштей баштаган. Андан кийин ал режиссёр Виталий Шляппо койгон «Дайеш молодеж» деген скетч-шоусун тартууга катышкан. Мындан тышкары ал Василийди «Ашкананын» сценарийин жазууга чакырган.
«Кухня» сериалында иштеп жүргөндө (2013-жыл)
Димитрий Ян, Игорь Тудвасьев жана Павел Данилов баш болгон Өзбекстандан келген сценаристтер тобу пилоттук эпизодду тартып, аны «СТС» каналына көрсөтүп, жактырылгандан кийин толук сезонду тартууга киришкен.

«Ошентип, балдардын Москвадагы ресторандардагы тажрыйбалары, менин Бишкектеги «Хаятт» мейманканасынын банкет кызматында көптөн бери официант болуп иштегенимдин кереги тийди. Айрыкча, жалпы коомдук тамактануучу жай кандай иштейт, су-шеф деген эмне, жеткирүүнүн кандай иштегени тууралуу биздин билимибиз – ​бул окуяны мүмкүн болушунча реалдуу кылып көрсөттү. Официанттар менен ашкананын ортосундагы баарлашуулардын баары ойдон чыгарылган эмес, алар жашоодон алынган», – дейт Василий Куценко.
Долбоор 20 сериялуу сезон катары жазыла баштаганда, YBW студиясынын сценаристтери тартылышкан жана алгачкылардын бири Жанат Керимбаев болгон.
«Бул көп адамдардын эмгеги. Кээ бир мезгилдерде 15–16 автор болгон», – ​деп баса белгилейт Василий.

Өндүрүштүк топ сериал эмнени камтышы керектигине абдан кылдат мамиле кылган. Сценаристтер каармандардын мүнөзүн өрчүтүүдө да, ошондой олуттуу карашкан. Алар «Библия баатырлары» (бардык каармандарды сүрөттөгөн документ) тасмада бардык башкы жана жардамчы каармандарды, алардын мүнөздөрүн, мамилелерин жана өмүр баяндарын ийне жибине чейин кеңири чагылдырышкан.
Эсимде, «Ашкана» тасмасында биз автордук топко каармандар тууралуу 30дан ашык суроо бергенбиз. Тартышып-талашкан талкуудан кийин каармандар кандай болоорун тактадык. Мисалы, бириси басып баратып капчыкты көрүп калат. Ушундай учурда бири өтүп кетиши мүмкүн, экинчиси карап туруп алып чөнтөгүнө салат, үчүнчүсү милицияга алып барышы мүмкүн. Ушул сыяктуу суроолорго жооп берүү сиздин каарманыңыздын кандай экендигин түшүнүүгө болот. Ал эми сценарий жазып жатканда, каарман сиз менен бирге жашаган жанга айланат. Алар сиз каалагандай иш кыла алышпайт. Биздин милдетибиз – алар белгилүү бир жол менен жооп бере тургандай жагдайларды ойлоп табуу болуп саналат.

Василий
Куценко
«Ашкана» сценаристтери ар бир каармандын оң жана терс сапаттарды тартууга аракет кылышкан. Кошумчалай кетсек, каармандын образын режиссёр жана актёр калыптандырып, сценарийден тышкары сунуштарын айтышкан.

Көбүнчө тартуу учуру ушунчалык ыкчам болгондуктан, актёрлор тексти жаттоого үлгүрбөй калышчу.
«Бул негизи завод сыяктуу, иштин темпи укмуш. Ар ким шашылат: таң атпай туруп, ыкчам тартышат. Мындай караганда убактыбыз жок, түшкү тамак болбойт. Кээ бирөөлөр шам-шум этишет, башкалары тартат. Тасма тартуу ушунусу менен жандуу, ушунусу менен жашайт», – дейт маектешибиз.
Мындай ыкчам темп актерлорду да, команданы да чарчатып, күйүп-бышып жатканы таң калыштуу эмес.

«Мен катуу чарчаганымда, азыраак иштей баштайм. Күйүп – ​бышуу, биз качан баардыгын баштаганда, түйшүктөр жана тынчсызданууларды жумушка жумшап, анын ичинде жашаганда болот. Ал эми күйүп- жанбоонун эң жакшы жолу – ​жакындарыңар жана өзүңдүн кызыгууларыңда болот», – ​деп белгилейт Василий Куценко.
Тасманын бет ачарында: Ал театрга кирип, көрүүчүлөр тасманы кандай кабыл алып жатканын байкайт.
Анын эң жакын каарманы бармен Костя болчу.
Ал абдан жөнөкөй, чөнтөгүндө сокур тыйыны жок, бир аз шалаакы, анда менин көптөгөн сапаттарым бар болчу.
Мен да шашпай ойлоном, кек сактабайм. Костя жалгыз бирөөгө гана берилген. Ал Настяны сүйүп калган, ошону менен бүттү. Макс менен Виканын жана андан кийинки жубайлардын ортосунда абдан драмалык мамилебиз бар болчу. Ал эми Костя менен Настя долбоордо туруктуулуктун чырагы эле. Биз ушундай нерселер болоорун көрсөтүшүбүз керек болчу.
Бул дүйнөдө кадимки мамилелер бар экенин, адамдар жашап, бири-бирин сүйөрүн, алардын өздөрүнүн акылсыз, ызы-чуулары жана таарынычтары бар экенин, бирок жалпысынан алардын сүйүүгө негизделген кадыресе үй-бүлөлөр болоорун көрсөтүү маанилүү болчу.

Василий
Куценко
Анын айтымында, кышында «Кухнянын» экинчи сезонун тартуу учурунда абдан күлкүлүү жагдай болгон.
Дмитрий Нагиев импровизация кылып, ашканага кирип: «Ой, наалат, мынча суук! Мурундан суу тоңот го» деди. Биринчи тартуудан кийин Дмитрий Назаров (шеф) ага камерадан тышкаркы: «Тууй, Дима, мунуң кандай келесоолук? Мурдуңду тоңдурбай эле сүйлөбөйсүңбү!» десе, Дмитрий Нагиев өзүн жоготкон жок: кийинки тартууда ал кирип келип: «Ой, мынча суук! Мурдубуз тоңбойт го», – ​жооп кайтарган. Алардын атаандаштыгы жана кайым айтышы экранда гана эмес, тышкары да болгон. Бир жолу Назаров Нагиевге кептерди акырын айткандыгы үчүн эскертүү берген. Буга жооп кылып, Дмитрий кийинки тартууда ага шыбырап кайрылды.

Василий
Куценко
«Кухня» КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кыргызстандык каармандар тартылган биринчи сериал болуп калды. Анда көрүүчүлөргө ак көңүл, жароокер жана тамашакөй Айнура чыгат, кийинчерээк Айбек, Гуля жана Азаматты тартуулады.
«Биздин бир аймакта болгондугубуз таң калыштуу эмес. Москвадагы каалаган ресторанга баргыла, ашпозчулардын жарымы Кыргызстандан болуп чыгат. Мен 23 жашка чейин кыргыз маданиятына сугарылып, өстүм. Менин ой жүгүртүүм, ошол жактан келип чыгат. Менин жазган ар бир каарманымда бир аз Кыргызстандыкы, кыргыз жери жыттанат. Каармандардын сүйлөшкөндөрүн ошол жактан алам, же чоң энемдин айткандарын эстейм», – ​дейт белгиледи Василий, Куценко.

Жаратман продюсер Кыргызстандан келгенине кубанычта экенин айтат. Муну менен сыймыктанып, дайыма баса белгилеп, Кыргызстан кайда, эмнеси менен атактуу экенин билбеген адамдарга айтып, агартуучу да болуп келет.
«Отель Элеон»
жана
«Гранд»
«Отель Элеон» – ​бул спин-офф сериясы мурдагысындай популярдуулукка жеткен учуру. Жаңыдан жайгашуу, жаңы каармандар жана ашканадан мейманканага өтүү менен долбоор жаңы түскө ээ болду. Сүйүктүү мейкиндикке көнүп калган көрүүчүлөр жаңы каармандар менен болгон окуянын уланып жатканына абдан кубанышты.
«Биз «Кухня» тасмасынын алтынчы сезонун тартып жатканда долбоорду жогорку деңгээлде бүтүргүбүз келген. Бирок биз дагы жашай турган укмуш дүйнөнү жаратканыбызды түшүндүк. Ошондуктан бизге жаңы каармандар керек болду», – дейт Василий.

Сериалда автор улантып айта турган көптөгөн жардамчы каармандар бар болчу. Мындан тышкары, «Отел Элеон» комедиясына детективдик өң-түс кошулду. Андагы бир мүшөк акчанын жоголушу жөнүндөгү окуя, башкы каарман Дарья Канаеваны сезон боюу артынан кууп, аңдып жүрөт. Бул эки долбоордун өзгөчөлүгү болуп калды.
«Мурунку алты сезондо башкы каарманыбыз алдамчы жана шылуун болгон. Биз ойлонуп «Келгиле, Даша Канаева деген супер чынчыл пионерди жараталы» дедик. Биз аны менен алпуруштук, албетте: калпычы менен комедия ойлоп табуу оңой – ​ал бөлмөгө кирет, өрдөктөрүн учурат. Мына сага даяр тамаша, бирок чынчыл каарман пайда болгондо, баары татаалыраак экен», – деп ой бөлүштү маектешибиз.
Сериалдар биринен экинчисине үзгүлтүксүз, агылып өтөт. «Гранд» долбоору менен да ушундай болду – ​башкы каармандар алмашты, бирок дүйнө калды.

«Анда тамашалуу кожоюн пайда болот. Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Жаннат Керимбаевдин аткаруучундагы Боря жана Айбек байкелерди коштук. Көрүүчүлөр, дүйнө талап кылгандыктан, биз дагы бир нече сезондо калдык», – ​дейт Василий Куценко.
Музыка
Yellow Black and White долбоорлордун күйөрмандары телесериалдардын саундтректери каармандын маанайын же кырдаалдын атмосферасын эң сонун чагылдырган уникалдуу искусство түрү экенин билишет.
Василий композитор, музыкалык продюсер, башкы продюсер, креативдүү продюсер жана режиссёрдон турган топ музыка жана трек аранжировкасын ордуна коюу үчүн күнүнө 10 сааттан иштегенин моюнга алды.
«Биринчи эпизоддордун үстүндө эртең мененден кечке чейин иштедик. Албетте, акырындык менен ишти тездеткенди үйрөндүк. Бирок, ага карабай – ​бул ар дайым көп убакытты алат. Бул көп жаратмандыкты жана музыканы тандаган таланттуу адамдарды талап кылат, анткени жөн эле тректи алып коё албайсың, ага да укук алыш керек. Биз көп жылдардан бери музыкалык продюсер Иван Канаев менен иштешип келе жатабыз. Ал бардык саунтректерди тандап алууда өзгөчө жөндөмү бар», – дейт Василий.
«Кухня» телесериалынан саундтрек
«Последний
богатырь»
жана
«Чебурашка»
Телесериалынын ийгилигинен кийин Yellow Black and White командасы толук метраждуу тасма тартууну чечишкен. Режиссер Дмитрий Дьяченко тасманын идеясын 2015-жылы Диснейге сунуштаган. Ал сценарийди жаратмандарга көрсөткөн, бирок алар орус жомогу боюнча жаңы тасма керек деп чечишкен.
Алардын тажрыйбасы жана технологиясы миң атчынын катышуусундагы Голливуд форматында тасма тартууга мүмкүндүк бербегендиктен, жаратуучулар өзгөчө сюжетти тандап алышкан.

Алар «саякатчы баатыр жаратып» аны чыныгы дүйнөдөн белгисиз, жомок айдыңында саякатка жөнөтүп, ошол жерде аман калууга аракет кылуу идеясын ойлоп табышкан.
«Акыркы баатыр тасмасы чыккан учурда үй-бүлөлүк тасмалар тартылбай калган, анткени алар кирешелүү деп эсептелбейт эле. Бирок бул тескерисинче болуп чыкты: кинотеатрларга дал ушул нерсе керек болчу – ​балдар да, чоңдор да чогуу убакыт өткөрө турган тасма», – деп белгиледи Василий Куценко.
Василий жана анын командасы «Последний богатырь:
Караңгылыктын кабарчысы» тасмасынын бет ачарында
«Акыркы баатыр: мурас» сериалы үчүн сценаристтер эльфи тилин ойлоп табышкан, бирок автордук укукка байланыштуу көйгөйлөргө туш болушту. Автордук укук « Властелин колец» романынын автору Жон Толкинге таандык болчу.

Ошондо команда кыргыз тилинен кептерди алып, ар бир сөздү башынан кайра жазып чыгышкан. Ошентип, сыйкырлар үчүн таптакыр жаңы тилди жаратышты. Василий кыргыз маданияты жана тили менен мындай интеграциялар көп болгонун мойнуна алат.
«Акыркы баатыр» алгачкы тасмасынын ийгилигинен кийин студия дагы эки сериясын жана бир телесериалды чыгарды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, алар «Чебурашка» окуясын жаратуу идеясына киришти. Аны менен бардык нерселер алда канча олуттуу болгон. Жаратуучулар алдыда турган оор милдет түшүнүктүү, анткени ал өлкөдөгү эң таанымал каарман болчу.
«Бул тобокел болду. Эгер майнап чыкпаса, биз көп жагымсыз сөздөрдү укмакпыз. Мыкты кино даражасын дайыма кармап калуу оңой эмес. Тасма канчалык ийгиликтүү болорун, эл канчалык баалай турганын эч ким билбейт», – деп мойнуна алат сценарист.

Бирок жаратмандардын, чыгармачыл топтун жана актёрлордун аракетинин аркасында тасма 86 миллион доллар каражат таап, орус кино тарыхындагы эң көп кирешелүү тасма болуп калды.
1.1Studio
Акыркы жылдары Василий Куценко көп убакытысын Борбор Азияда өткөрүүдө. Ал 1.1Студиодогу кесиптештери менен бир нече долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Ал Кыргызстандагы орус рыногу үчүн да, Казакстан аркылуу дүйнөлүк рынокту камтыйт.
«Биз жакында эле Казакстанда чыгып, бүткүл дүйнөгө таралып жаткан «Таргет» аттуу биринчи ири сериябыздын бет ачарын өткөрдүк», – дейт ал.

Unico Play онлайн кинотеатры негизги ролду ойнойт. Бул тармакты алгач Казакстанда, андан кийин бүткүл аймактарда өнүктүрүүгө багытталган. Василийдин айтымында, платформа Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын контентинин эл аралык рынокко чыгуусу үчүн терезе болушу керек.
«Экинчи караштагы сүйүү» тасмасынын бет ачарында
«Бир аз убакыт өткөндөн кийин мен иштеп жаткан долбоорлорду талкуулай алабыз деп үмүттөнөм. Мен Кыргызстанга байланыштуу көптөгөн долбоорлорду ишке ашыргым келет», – ​деди ал.

Андан сырткары маектешибиз Руслан Акундун соңку «Бейиш – ​эненин таманында» тасмасынын сапатына жана өндүрүшүнө жогору баа берди.
«Бейиш» кыргыз актерлорунун биргелешип иштешинин чындап эле эң мыкты үлгүсү. Ал бир нече өлкөлөрдө тартылган бирок көп өлкөлөрдө бестселлерге жана хитке айланган жергиликтүү тасма болуп саналат. «Бул алгач кыргыз аудиториясына багытталган, бирок башка өлкөлөргө оңой эле резонанс жараткан долбоордун фантастикалык мисалы», – деп баса белгилейт ал.

Василий Куценко – ​Чыңгыз Айтматовдун чоң күйөрманы жана жазуучунун көптөгөн чыгармаларын компьютердик технологиянын жардамы менен экранга ыңгайлаштырууга болот деп эсептейт.
Канн кино рыногунда биринчи жолу
Биз бири-бирибизди 20 жылдан ашык билебиз. 2003-жылы университетте таанышып, бир имаратта окуп жана КВНде чогу ойночубуз. Василий улуураак, КРСУнун факультеттер аралык оюндарында насаатчы жана редактор болуп иштеген. Ал бизге көп нерсени үйрөттү, азыр да үйрөтүп келет. Аны менен сценарист жана продюсер катары иштөө абдан ыңгайлуу. Ал баары менен тил табыша алат.

Бахтияр
Матянью
1.1Studio негиздөөчүлөрүнүн бири
Биргелешкен долбоор тууралуу суроого Бахтияр студия 2022-жылы сценарист жана продюсер менен жигердүү иштеше баштаганын айтты. Алар Бишкекте орусиялык телеканал үчүн сериал жана толук метраждуу көркөм тасма тартып, учурда дагы бир тасма тартууга камданып жатышканын билдирди.

«Василий, албетте, таланттуу адам. Анын сценарийди иштеп чыгууда жана чыгармачыл өндүрүш боюнча чоң тажрыйбасы бар. Ар бир долбоордо, сценарий боюнча топ, жазуу структурасы жана иштөө ыкмаларында чоң тажрыйбага ээ болушат. Аны менен кызматташтыгыбыз жазуу жана өндүрүш менен эле бүтпөйт. Ал бул тармакта иштин көзүн билгендиктен, биз аны менен бизнести башкаруу боюнча да кеңешебиз», – дейт Бахтияр Матяньюга.

Ал Василийдин бул жылдар аралыгында көп деле өзгөрбөгөнүн, болгону сымбаттуу жана жашарып калганын баса белгилейт.
Голливуд
жөнүндө
«Бардык көрүүчүлөр жана бул тармактагы көптөгөн адамдар Голливудга барышымды – ​ал жакта мени чыдамсыздык менен күтүп жаткандай сезишет. Мен көп жылдар бою иштеп, эл аралык долбоорлорду түзүүгө бир нече жолу аракет кылып, андай эмес экенин түшүндүм», – дейт Василий Куценко.
Чыгармачыл продюсер Голливуд укмуштуудай атаандаштык чөйрөсү экенин белгилеп, ал бейтааныш дүйнө жөнүндө тасма тартууга же жазууга дымагы, каалоосу жок экенин моюнга алат. Ал азырынча башка өлкөлөрдө популярдуу боло турган жергиликтүү долбоорлорго басым жасоону пландаштырып жатат.

Цензура да маанилүү маселе экендигин унутпашыбыз керек. Василий ар бир да өлкөдө, бардык нерселер жөнүндө ачык айтууга мүмкүн эместигин, айрыкча тамашага салбаш керектигин белгилейт.
Василий сценарий жазуу учурунда
«Чексиз демократиянын доору бүттү. Бир өлкөдө динге ишенгендердин көңүлүн оорута албайсың. Башкасында саясий режим жөнүндө айта албайсың. Үчүнчүсүндө сексуалдык азчылыктар жөнүндө тамаша айта албайсың. Ачыгын айтсам, мунун эч бири мени ыңгайсыз кылып, тоскоолук жаратпайт, цензура боюнча чектөөлөр болуп келген», – дейт ал.
Маектешибиз жаш кинорежиссерлорго чындап ырахаттануу алып келген нерселер жасоону сунуштайт.
Эгерде, баарына эмне жагарын болжолдоого аракеттенсек, анда ийгиликке жетүүгө кыйын болот. Менин кеңешим – ​өзүңө жаккан ишиңиз менен алектениңиз, акыл-эсти тыңшап, зыяндуу темалардан алыс болуңуз. Азыр дүйнө ачык: Казакстандан, Россиядан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келген продюсерлор ар түрдүү долбоорлорду издеп жатышат. Эгерде бул баян бардык кыргызстандыктардын жүрөгүнөн түнөк тапкан болсо, сизди табышып, жумуш сунушташат.

Василий
Куценко
Кабарчы: Салия Хурова
Дизайн жана калыпка салуу: Надежда Хабичевская
Котормочу: Мезгилбек Исатов

Бул макаладагы сүрөттөр Василий Куценконун
жеке архивинен жана Kinopoisk.ru сайтынан
кадр жана киноплакаттар колдонулду.

© 24-kg.com маалымат агенттиги
[email protected]