17:00
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

«Манас Кубогу- 2025» эл аралык турнири өтөт

Манас шаарында 23 жашка чейинки (U-23) командалар арасындагы Манас Кубогу 2025 эл аралык футбол турнири 12-ноябрдан 18-ноябрга чейин өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Орусиянын олимпиадалык курама командалары катышат.

Бардык беттештер Курманбек стадионунда өтөт.

Уюштуруучулар турнирдин максаты жаштар командаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, эл аралык аренада алардын оюн практикасын жакшыртуу жана өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо экенин белгилешет. Андан тышкары, турнирге катышуу Кыргызстан курама командасынын 2026-жылдагы Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыгынын бир бөлүгү болот.

Кыргызстан курама командасынын беттештеринин графиги:

  • 12-ноябрь | саат 19:00 — Кыргызстан — Бахрейн;
  • 15-ноябрь | саат 19:00 — Иран — Кыргызстан;
  • 18-ноябрь | саат 19:00 — Кыргызстан — Орусия.

Беттештердин алдында күйөрмандар концерт жана шоу программасынан, ошондой эле байге ойнотуудан ырахат алышат. Бардык беттештер саат 19:00дө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар