16:59
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Адылбек Касымалиев: «Кыргыз-орус мамилелери туруктуу түрдө бекемделип жатат»

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны тар чөйрөдө өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын аппарат жетекчиси Адылбек Касымалиев вице-премьер-министр Алексей Оверчук жетектеген орусиялык делегацияны жылуу кабыл алып, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгын белгилеп жаткан жылда өтүп жатканын белгиледи.

«Лидерлерибиздин мыкты саясий эркинин аркасында кыргыз-россия мамилелери ырааттуу түрдө чыңдалып, кызматташтык жаңы мазмун жана жаңы багыттар менен байып жатат. Россия — Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү. Биздин элдерди кылымдарды карыткан достук, руханий жана маданий жакындык, коңшулаштык жана өз ара сыйлашуу байланыштырып тураарын дайыма айтып, белгилеп келебиз. Лидерлерибиздин жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында аткаруу — биздин башкы милдетибиз жана өкмөттөрүбүздүн милдети», — деди Адылбек Касымалиев.

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Россия тарабы биргелешкен демилгелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана учурдагы долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирип, оң динамиканы сактоонун жана биргелешкен практикалык иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга берилгендик баса белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар