01:59
USD 87.45
EUR 101.04
RUB 1.08

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

Бүгүн, 11-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу жок болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакка берилбейт: Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү жана темир жол линиясы. Буга Алты-Ордо, Кара-Жыгач конуштары жана Полиция шаарчасы кирет.

Анда турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы. Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар