17:33
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын аппарат жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жарандарын Жаштар күнү менен куттуктады.

Ал 2023-2030-жылдарга карата Жаштарды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагындагы иш-чаралар жаштардын демилгеси жана таланты менен айкалышып, билим берүүдөгү, жумуш менен камсыз кылуудагы жана жаш муундун коомдук жашоого катышуусундагы олуттуу ийгиликтерге өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Кыргызстан жаштары өлкөбүздүн окуу жайларында окуу менен чектелбестен ондогон студенттер Гарвард, Йель, Принстон, МИТ университеттеринде жана алдыңкы Европа университеттеринде билим алып жатышат.

Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жай куруу абдан жогору темп менен жүрүп турак жай жаштар үчүн жеткиликтүү боло баштады.

Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп жигердүү аракеттердин натыйжасында IT тармагында, ошондой эле курулушта, өнөр жайында, айыл чарбасында жана туризмде көптөгөн жаңы жумуш орундары түзүлдү.

«Кыргызстан жаштары эл аралык спорттук жана интеллектуалдык мелдештерде жүрөк кубандырган ийгиликтерге жетишип, элибизде билектин күчү да, билимдин күчү да жогорку деңгээлде экенин далилдешти. Күрөш спорту боюнча дүйнөдө алдыңкы позицияга чыктык, ал эми көкбөрү боюнча бизге тең келе турган команда жок экенин жигиттерибиз далилдеп келишет», -деп белгиледи

Биздин интеллектуалдар математика, физика, информатика жана дебат боюнча олимпиадаларда көптөгөн жеңиштерге жеткени азыркы технотрон доорунда биздин жаштар техника жана технологияны өздөштүрүү менен чектелбестен алардын жаңы моделдерин жаратууга, экономиканын түзүмүн өзгөртө турган жаңылыктарды ачууга жөндөмдүү экенинен кабар берет.

Белгиленген жетишкендиктер албетте силердин потенциалды толук чагылдыра албайт. Силердин потенциалдын да, аткара турган иштердин да чети гана оюлууда. Алдыда элибиз аша турган нечен ашуулар, кече турган кечүүлөр бар. Биз экономикада кайра жаралуу процессин алга жылдырып жатабыз жана ушул темпти жоготпой, кайра күчөтүп, индустриализация этабынан постиндустриализация этабына өтүү менен Ак Илбирстин арышын арымдатуубуз зарыл.

«Ар бир адам өз бактысынын устасы» экенин түшүнүү менен ар бир жаш адам кесипти туура тандап алып, чебер адис жана ар тараптан өнүккөн инсан болсо, ал өзүнүн туугандары, үй-бүлөсүнүн гана тиреги болбостон элинин, Мекенинин тирегине айланат.

Толкуган күч, тоодой үмүт силерде, Кыргызстан жаштары. Силерге бакты-таалай, жаркын маанай, албан-албан ийгиликтерди каалайм", — министрлер кабинетинин төрагасы.

Эң көп окулган жаңылыктар