17:33
USD 87.45
EUR 100.87
RUB 1.08

Бүгүн Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бүгүн, 10-ноябрда, саат 00:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылды.

Жол кыймылына чектөөлөр «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу жаштардын ири форумуна жана Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан чакан аренанын салтанаттуу ачылышына байланыштуу киргизилди.

Айдоочулардан маршруттарын алдын ала пландаштырып, альтернативдүү жолдорду колдонууну суранабыз.

Бишкек мэриясы бул улуттук иш-чаралардан улам келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар