Бишкектин борбордук бөлүгү аварияга байланыштуу суусуз калды. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу бүгүн, 7-ноябрда саат 08:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотуларын билдирет.
Суу токтотула турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
- Осмонкул көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин);
- Москва көчөсү;
- Ибраимов көчөсү;
- Фрунзе көчөсү.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана көрсөтүлгөн аймактардын жашоочулары менен уюмдарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.


