18:46
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

Нарын облусунда Кында ашуусу жазга чейин жабылды

Транспорт министрлиги
Фото Транспорт министрлиги. Кында ашуусу жазга чейин жабылды

Ат-Башы—Кында—Торугарт автожолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу 1-апрелге чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Ашуу ушул жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.

Ал эми жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун жабуу пландалууда.

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуусу жазга чейин жабылган. Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар