15:14
USD 87.45
EUR 100.46
RUB 1.08

ӨКМдин тик учагы Сары-Кыр ашуусунда калган адамды куткарууга учуп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин тик учагы бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүдө калган жаранды куткаруу операциясына учуп кетти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таң эрте жеринде 28 адам (анын ичинен 16сы ӨКМ кызматкерлери) жана 6 даана техника издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ, 5-ноябрда Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган. Аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «China Railway International» компаниясынын 4 кызматкери жүктөгүч техника менен жөнөтүлгөн. Ошондой эле ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Ч. Шекенов кырдаалды көзөмөлгө алуу жана куткаруу иштерин ыкчам улантуу максатында жыйын өткөрүп, кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик эки техникасын жолду ачууга тарткан.

ӨКМнин маалыматына караганда, куткаруу иштеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, бул унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде убактылуу жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар