13:46
USD 87.45
EUR 100.46
RUB 1.08

АКШнын мамлекеттик катчысы 2026-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө барат

АКШнын мамлекеттик катчысы 2026-жылы Кыргызстанга жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүнө барат. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Марко Рубио келерки жылы Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга баруу ниетин билдирген.

Reuters
Фото Reuters. АКШнын мамлекеттик катчысы 2026-жылы Кыргызстанга жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүнө барат

«Мен жеке өзүм... кийинки жылы беш өлкөгөбарууну көздөп жатам», — деди ал Мамлекеттик департаменттин кабыл алуусунда аймактагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан жолугушууда жана «бул иш сапары бир жумага же андан көпкө созуларын» кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы америкалык бизнес Борбордук Азия мамлекеттеринин рынокторуна жетүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ал Америка бийлиги акыркы 10 жылда аймакка жетиштүү көңүл бурбаганына өкүндү. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен «эки тараптуу же аймактык деңгээлде биргелешип иштөөгө» умтулганына ишендирди.

Ак үй бүгүн Вашингтондо C5+1 саммити өтө турган жерде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууну көздөп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар