Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтериндеги коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат тарабынан Курулуш министрлигинин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Өрт көзөмөлү кызматы башкармалыгында (Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБ) пайдаланууга берүү актыларын даярдоо үчүн каражаттарды мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын инспектору А.Т.Д. жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБнын улук инспектору С.М.А. өз ара сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап создуктурушуп, натыйжада А.Т.Д. тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн Кыргызстандын жаранынан 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
Өз кезегинде С.М.А. кол койгондугу үчүн «МБанк» мобилдик тиркемеси аркылуу 27 миң сом акча каражатын которууну талап кылган.
Топтолгон материалдардын негизинде, «Опузалап пара алуу» беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 5-ноябрда тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө акча алып жаткан жеринен А.Т.Д. жана С.М.А. кармалышты.
Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда, ошондой эле аныкталган коррупциялык схемага башка адамдардын катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
УКМК өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалдашкандыгын эскертүү менен бирге, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы иштерди алып барууну улантууда.


