17:53
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Таласта Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү жана мурдагы кызмат адамдары кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас аймагында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деген шек менен үч адам кармалганын билдирди.

Атайын кызмат Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары тарабынан атайылап пайдасыз келишим түзүлгөндүгү боюнча фактыны аныктады.

Натыйжада КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Мамлекеттик агенттиктин дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Б.З.Б жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалды.

Алар 2026-жылдын жайында Талас облусунда «Мен чемпионмун» спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына бөлүнгөн 17,5 млн сом өлчөмүндө каражатты максатсыз пайдаланышкан.

Жогоруда айтылган сумманын негизги бөлүгү 12 млн сом Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан кийинчерээк облустук дене тарбия жана спорт департаменти үчүн административдик имарат катары колдонуу үчүн турак жай имаратын сатып алууга жумшалган. Ал турак жай имаратын баалоо КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э.нин жардамы менен атайылап 12 млн 343 миң сомго ашыкча бааланган.

Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган турак жай имаратынын орточо базар баасы 7 млн сомду түзөт.

Натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына 4 млн сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилген.

Буга байланыштуу КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка катышуучуларды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар