Бишкек шаарында 4-ноябрь, саат 20:00дөн, 6-ноябрь саат 16:00гө чейин жылуулук берүү убактылуу өчүрүлөт. Мэрия бул мүчүлүштүктү жылуулук түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштырды.
Даректер:
- Учкун кичирайону: № 8, 8/1, 8/2, 9, 11, 12, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 33, 24а, 24б;
- Казан Булак көчөсү № 10;
- Үч-Тулга көчөсү № 15.
Ошондой эле 9-ноябрь саат 16:00гө чейин башка райондордо да өчүрүүлөр болот.
Алар:
- Сүйүмбаев көчөсү № 2;
- Герцен көчөсү № 1 жана 6.
- Чүй проспекти 115, 117, 119.
"Жылуулук берүү кайра башталган учурда жеке техникалык кыйынчылыктар болуп түтүк жабыркашы ыктымал. Бардык аныкталган тилкелер дароо жумушка алынат жана адистер алардын көйгөйлөрүн мүмкүн болушунча тезинен жоюу чараларын көрүшөт",- деп билдирет мэрия.
Эскерте кетсек, борбор шаарна жылуулук 3-ноябрдан баштап бериле баштады. Ал эми бүгүн, 5-ноябрда кар жаап, күн кескин сууктады.


