Кыргызстандык командалар Өзбекстандын хоккей боюнча ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясы социалдык медиада жарыялады.
Турнирге беш клуб катышат — үчөө Өзбекстандан, экөө кыргызстандык хоккей клубдары болуп саналат.
Биздин өлкөнү «Алга» жана «Учур» жаштар спорт мектептери көрсөтөт.
Чемпионаттын алгачкы беттештери 6-10-ноябрь күндөрү Бишкекте өтөт.


