Президенттин Иш башкармалыгы курамындагы ведомстволук уюмдар ушул жылдын тогуз айында киреше планын ашыра аткарышты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш жүзүндөгү кирешелер 10 миллиард 357,2 миллион сомду түздү, ал эми пландалган 9 миллиард 304,5 миллион сомдун ордуна. План 111,3 пайызга аткарылып, 1 миллиард 52,7 миллион сом ашыкча аткарылган.
Иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын 2025-жылдын 9 айына карата планы 9 млрд 304,5 млн сом деп белгиленип, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сом болуп, 111,3 пайыз деңгээлде аткарылганы белгиленди. Ошентип, пландык көрсөткүч 1 млрд 052,7 млн сомго ашыкча аткарылган.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд 539,9 млн сомго, же 78 пайызга көп.


