15:39
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Криштиану Роналдунун уулу Португалия курама командасында дебют жасады

15 жаштагы Криштиану Роналдунун уулу Анталияда Түркияны 2:0 эсебинде жеңип, Португалиянын 16 жашка чейинки курама командасынын курамында дебют жасады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

ESPN маалыматы боюнча, Португалиянын «Спортинг» командасынын оюнчусу Самуэль Тавареш менен «Брага» командасынын оюнчусу Рафаэль Кабралдын голдорунун аркасында жеңишке жетишти. Роналду кичүүсү кошумча убакытта алмаштыруу катары оюнга чыкты. Ал «Аль-Наср» академиясында чабуулчу катары ойнойт.

Бул беттеш Португалиянын 16 жашка чейинки курама командасы Федерация Кубогу турниринин алкагында Түркияда ойной турган үч беттештин биринчиси болду. Кийинки беттештер 1-ноябрь, ишемби күнү Уэльс жана 3-ноябрь, дүйшөмбү күнү Англия менен болот.

Эске салсак, быйыл Роналду кичүүсү Португалиянын 15 жашка чейинки курама командасында ойноп, гол киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар