«Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоордун алкагында 4 млрд 81 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, насыяны республиканын 6 487 айылдык товар өндүрүүчүлөрү алды.
Анын ичинде:
- «Мал чарбачылык» тармагы боюнча 3 381,37 млн сом суммасында 5 443 субъектти түзөт;
- «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти түзөт;
- «Сууну үнөмдөөчү технологиялар» тармагы боюнча 17 млн сом суммасында 24 субъектти түзөт;
- Лизинг" тармагы боюнча 241,56 млн сом суммасында 122 субъектти түзөт.
Эң көп насыя Жалал-Абад облусунда берилген — 810 миллион сомго 1259 насыя. Эң азы Баткен облусунда берилген — 284 миллион сомго 463 насыя.
«Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүк берет. Бул аларга чарбаларын модернизациялоого, заманбап технологияларды колдонууга жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.



 
  
  
 