15:47
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Жаңы-Достук айылында 79 миллион сомго жаңы бала бакча курулат

Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 79 миллион сомго жаңы бала бакча курулат. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.

Порталдын маалыматы боюнча, Баткен аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы Суу-Башы айылдык округунун Жаңы-Достук айылында бала бакча куруу боюнча тендер жарыялаган.

Долбоордун баасы 78,8 миллион сомду түзөт.

Арыздар 2025-жылдын 12-ноябрына чейин кабыл алынат. Кепилдик депозит сунушталган сумманын 2 пайызын түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар