18:37
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Балыкчы шаарында 60 жаңы көчө чырактары жандырылды

Балыкчы шаарында жаңы көчө жарыктандыруу системасы ишке киргизилди. Салтанаттуу ачылыш аземи Этнопаркта башталып, чырактар ​​айланма жолго чейин созулган.

Көп айтылып келген көчө чырактарынын жалпысынан 60ы орнотулуп, жандырылды. Бул көчөлөрдү бирдей жана энергияны үнөмдүү жарыктандыруу менен камсыз кылат.

Долбоор караңгы убакта тургундардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жакшыртууга багытталган.

Мэрия шаардын бардык райондорун акырындык менен уланаарын белгилеп, бул жарыктандыруу программасынын бир бөлүгү экендигин билдирди. Иштер жылдын аягына чейин уланат.

Эске салсак, буга чейин жаңы көчө чырактарынын айрымдары Балыкчынын катуу шамалына туруштук бере албай, бузулуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар